Кыргызстандыктар Курман айтка карата төрт күн эс алат
Мусулмандардын Курман айт майрамы 21-августта белгилене турганын Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлаган. Айт намазы эски аянтта окулат.
Курман айт - мусулман коомчулугунун ири майрамы. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат.
Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. (КЕ)