Мария Бутина башка абакка которулду
![Мария Бутина башка абакка которулду](https://gdb.rferl.org/CCAD1235-13FF-4AA9-B594-1D1DFBBB7366_w800_h450.jpg)
Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деп АКШда кармалган Мария Бутина Вашингтондогу абактан Виржиния штатындагы абакка которулду. Анын адвокаты Роберт Дрисколл билдиргендей, башка абакка которуунун себептери азырынча белгисиз.
Дрисколл ТАСС агенттигине курган маегинде Бутинага бул тууралуу алдын ала айтылбаганын, себеби да түшүндүрүлбөгөнүн белгиледи.
АКШда магистратурада окуп жүргөн орусиялык студент Бутина быйыл июлдун ортосунда кармалган. Ал "саясий топторго таасир этүүгө аракеттенген", "чет элдик агент" деп айыпталган. Мындан тышкары каттоодон өтпөгөн "чет элдик агент", "чет элдик тыңчылар менен кызматташкан" деген кине коюлган. АКШ мыйзамдарына ылайык, ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Бутинаны "саясий туткун" деп атаган. Өзү болсо коюлган айыптарды мойнуна алган эмес.