Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты (видео)
![Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты (видео)](https://gdb.rferl.org/DCC333DD-49F9-4D93-81DD-DC3D69EE2F89_cx0_cy6_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштөн финалга чыкты.
Жарым финалда Тыныбекова индиялык атаандашы Малик Сакшини (Malik Sakshi) 8:7 эсеби менен утуп чыкты. Ага чейин тандоо турунда Айсулуу Тыныбекова түндүк кореялык Жонг Сим Римди (Jong sim RIM), ал эми чейрек финалда кытайлык Руй Сюну (Rui XU) жеңген.
2016-жылкы Бразилияда өткөн Олимпиадада Айсулуу Тыныбекова Малик Сакшиге утулуп, коло байгеге ээ болгон эле.
18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпы 150 спортчу катышып жатат. XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары 28 спорттун түрү боюнча күчтөрүн сынайт.
20-августта кыргызстандык балбан Магомед Мусаев Кыргызстандын эсебине алгачкы байгени алып келди. Ал эркин күрөш боюнча 97 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, күмүш байгеге ээ болду. (ErN)