Өзбекстанда мектепте окуу 5-сентябрда башталат
Өзбекстандын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу жылы 5-сентябрда башталарын элге билим берүү министри Шерзод Шерматов "Фейсбук" баракчасына жазды.
Өзбек президентинин буйругуна ылайык, бул өлкөдө 31-августтан 4-сентябрга чейин эгемендик майрамына байланыштуу эс алуу күндөрү деп жарыяланган.
Министр Шерматов «майрам күндөрүн толук пайдаланыш үчүн жана мектеп мугалимдеринин ыңгайына жараша жаңы окуу жылы 5-сентябрда башталат. Бул мектеп жашындагы балдары бар ата-энелердин ары-бери саякатташына мүмкүнчүлүк түзөт" деп жазды.