Азиада-2018: Акжол Махмудов күмүш байгеге ээ болду
![Азиада-2018: Акжол Махмудов күмүш байгеге ээ болду](https://gdb.rferl.org/39E7016A-B580-4AAE-AB5B-F024A8D17F78_w800_h450.jpg)
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Азия оюндарынын алкагында алтын медаль үчүн күрөштө ирандык балбан Гарей Мохамедалиге утулуп калды. Күрөштүн жалпы эсеби 7:2 менен жыйынтыкталды.
Махмудов Азия оюндарына Азия чемпиону статусунда барган. Анткени менен ал финалдык күрөштө ирандык балбанга оюндун башында эле упай топтоп алууга мүмкүнчүлүк берип салды. Кармаштын аягына чейин Акжол атаандашын упай тараптан кубалап жете алган жок.
Алдыда 97 кг. салмакта Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн күрөшмөкчү.
Бүгүн Кыргызстандын капчыгына балбандардан тышкары оор атлет Иззат Артыков коло медалды кошту. Учурда Кыргызстан 18-Азия оюндарында 8 медаль менен жалпы командалык рейтингде 19-орунда келатат. (SDz)