"Балам чөгүп өлмөк эмес..."
![](https://gdb.rferl.org/63d500dd-06d9-4a6c-a9f3-15a8687a590a_tv_w800_h450.jpg)
Таш-Көмүрдө сууга чөгүп каза болгон жоокердин жакындары анын өлүмүнө кайдыгерлик себеп болгонун айтышууда. Нарын дарыясында сууга чөккөн кишини издөө иштерине тартылган маркум аскер 13-августта жоголуп, бир күндөн кийин сөөгү дарыянын жээгинен табылган. Аскер бөлүктүн командирлери жоокер өз алдынча сууга түшүп жаткан учурда чөккөнүн айтып жатышат.