Левада: Орусияда улутчулдук күчөдү
"Левада-борбордун" сурамжылоосуна ылайык Орусияда башка улут өкүлдөрүнүн жашоосуна каршы болгондор кескин көбөйдү. Бул тууралуу "Ведомости" гезити жазды.
Сурамжылоого катышкандардын 32% цыгандарды жактырбай турганын айтышкан. Бул көрсөткүч былтыр 17% болчу. Кытайлыктарды жаман көргөндөр 15 пайыздан 31 пайызга жеткен.
"Өкмөт мигранттардын агымын чектеши керек" дегендер быйыл 67% жетип, былтыркыдан он пайызга көбөйгөн.
"Сова" талдоо борборунун жетекчиси Александр Верховский улутчул маанайдын жайылышын алдыда күтүлүп жаткан экономикалык кыйынчылыктарга байланыштырууда.