БШК жарандык активисттин мэр шайлоо боюнча арызын карады
![БШК жарандык активисттин мэр шайлоо боюнча арызын карады](https://gdb.rferl.org/F0F360EC-BE14-4070-AC35-94C1F4331CB2_w800_h450.jpg)
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев "Кыргызтесттен” өтүшү керек" деген журналист жана жарандык активист Канышай Мамыркулованын арызын карап, комиссия мүчөлөрүнүн добушуна койду. Бирок добуш берүү кийинки жыйында улантылат. Азырынча БШКнын кийинки жыйыны качан болору белгисиз. Бул тууралуу активист Канышай Мамыркулова “Азаттыкка” өзү маалымдады.
Буга чейин мэр шайлоого байланыштуу журналист жана жарандык активист Канышай Мамыркулованын Бишкектин район аралык сотуна жазган доо арызы артка кайтарылган. Сот маселени БШК карашы керек деп эсептегендиктен арызды кабыл алган эмес. Анын даттануусун Бишкектин Биринчи май райондук соту да "биздин ыйгарым укукка туура келбейт" деп артка кайтарган.
Арызда Мамыркулова Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкер кезде Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн жазган. Журналисттин жүйөсүндө, өкмөттүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизинде, сынакты окумуштуулардан турган комиссия эмес, "Кыргызтест" өткөрсө мыйзамдуу болмок.
Быйыл 26-июлда мэрлик кызматка талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташ үчүн комиссия түзүлгөн. 31-июлда Бишкек шаардык кеңешинде жалгыз талапкер Азиз Суракматов сынактан өтүп, комиссия бир добуштан "ал кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. Бирок анын "эл", "шаар" деген сөздөрдү ката жазганы тууралуу маалымат Интернетке тараган. (TSh)