Уланбек Эгизбаев: Өксүткөн жоготуу
![Уланбек Эгизбаев: Өксүткөн жоготуу](https://gdb.rferl.org/6445e0ae-2fbf-4ea3-96ef-21ccd4dde50b_tv_w800_h450.jpg)
2018-жылдын 22-июлу "Азаттыктын" жамааты, кыргызстандыктар үчүн кабырганы кайыштырган оор жоготуу менен эсте калды. Чыгаан журналист, көптөгөн курч иликтөөлөрү менен таанымал кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убакта мезгилсиз кайтыш болду. Окуядан кийин кырк күн өтсө да Уланбектин өлүмү тууралуу түрдүү жоромолдор басаңдай элек. “Азаттык” маркум чөккөн жерге барып, кесиптешибиздин өлүмүнүн чоо-жайын өз тарабынан иликтеп көрдү.