Көчмөндөр оюндарында 594 медал ойнотулат
Ысык-Көлдөгү үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 594 медал ойнотулат.
Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн маалымат жыйында билдиргендей, медалдардын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло.
Быйылкы оюндардын жалпы байге фонду 28 миллион сом деп эсептелди.
Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы бүгүн, 2-сентябрда кечки саат 8де башталат. Оюндар 8-сентябрга чейин уланат.
Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу боюнча мелдештер өтүп, дүйнөнүн 40тай өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан. (NT)