Террорчулардын анабашы көз жумду
![Террорчулардын анабашы көз жумду](https://gdb.rferl.org/1B9C12AE-07B5-4CD4-8427-114C56588747_cx14_cy0_cw86_w800_h450.jpg)
Ооганстан жана Пакистанда иш алып барган террордук ири уюмдардын бири - Хаккани түйүнүнүн негиздөөчүсү Жалалуддин Хаккани оорудан кийин өлдү. Бул тууралуу ооган талибдери 4-сентябрда билдиришти. Бирок ал качан өлгөнү белгисиз. Буга чейин көптөгөн теракттардын артында турган уюмдун ана башы каза болгону жөнүндө маал-маалы менен айтылып, бирок маалымат эч качан тастыкталган эмес.