Казакстан: Түркстандагы мектептеги 203 кыздын 169у мектепке жоолугун чечип кирди
![Казакстан: Түркстандагы мектептеги 203 кыздын 169у мектепке жоолугун чечип кирди](https://gdb.rferl.org/7F1DAEC8-A217-467C-BA2A-85977C5D8BF7_cx0_cy12_cw0_w800_h450.jpg)
Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектептеги 203 кыздын 169у жоолугун чечүүгө макул болду. Бул тууралуу мектеп жайгашкан Мактарал районунун акиминин басма сөз катчысы Динмухаммед Аязбеков билдирди. Анын сөзүнө караганда, айылда курамында психологдор да кирген атайын топ иштеп жатат. Бүгүн аларга теолог адистер да кошулган.
Окуучу кыздар жоолугун чечип жатканын Фирдауси мектебинин директору Жанар Мамырова да ырастады. Бүгүн жоолугун чечүүдөн баш тарткан башка кыздар сабакка келген эмес. Учурда психологдор алардын үйлөрүнө барып, эмне үчүн сабакка келбей жатканын аныктап жатышат.
Чымкенттен 300 чакырымдай ыраак жайгашкан бул айылда негизинен тажик улутундагылар жашайт жана мектеп да тажик тилинде. Окуучулардын ата-энелери кыздар жоолукту "улуттук каада-салттан" улам салынып жатканын айтып, үч күндөн бери мектептин алдында нааразычылык билдирип жатышкан.
Казакстанда мектепке жоолук салынып келген окуучуларды сабакка киргизбеген көрүнүш былтыртан бери курч талкууланып келет. 2016-жылы Билим берүү министрлиги мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган буйрук чыгарган.