“Баламды мектепке кабыл алыңыздар” акциясынын алгачкы жыйынтыгы чыкты
![“Баламды мектепке кабыл алыңыздар” акциясынын алгачкы жыйынтыгы чыкты](https://gdb.rferl.org/F26CC16E-2E83-464A-A1BD-C1F68700CB47_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда “Баламды мектепке кабыл алыңыздар-2018” акциясынын алгачкы жыйынтыгы чыгарылды. Жалпысынан 1150 кайрылуу болду, алардын арасынан 120 баланын мектепке кирүүсүнө түздөн-түз жардам берилди.
Иш-чараны “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюму Билим жана илим министрлиги менен бирге уюштурду.
Лиганын жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” айтымында, мыйзам боюнча ар бир бала катталган жери гана эмес, жашап жаткан дареги боюнча деле мектепке кире алат, бирок көчүп келип, батирде жашап жаткан үй-бүлөлөрдүн бул укугу корголбой жатат. Ошону менен катар акча талап кылган учурлар да көп экени байкалды:
- Ата-энелер башка жактан көчүп келген болсо каттоосу жок маалымкат ала алышпайт. Кээ бирлеринен “мектепке кирүү акысы” деп акча сурашкан. Ошондуктан балдардын укуктарын кепилдеген мыйзамдарды көрсөтүп, укуктук жардам бердик. Мектеп директорлоруна акы талап кылуу мыйзамсыз экенин түшүндүрдүк.
Турдубекова бул маселе Бишкек шаарында жана Оштун айрым жерлеринде гана курч экенин айтууда. Ал белгилегендей, жыл сайын ата-энелердин аң-сезими өзгөрүп, алар өз укугун коргогонду үйрөнө баштады.
Билим жана илим министрлигинин расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда учурда 600 мектеп жетишпейт. (RK)