Кара-Кулжада мыйзамсыз сакталган "Калашников" автоматы табылды
![Кара-Кулжада мыйзамсыз сакталган](https://gdb.rferl.org/2F26B6F6-1DB0-4F22-B014-799F3C4375D2_cx0_cy11_cw0_w800_h450.jpg)
Оштун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айылынын 35 жаштагы тургуну "Калашников" автоматын мыйзамсыз сактап жүрөт деп шектелүүдө. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, автомат ок атууга жарактуу.
Курал 1989-жылы чыгарылганын соттук-баллистикалык экспертиза аныктаган.
Милиционерлер шектүүдөн "Калашников" автоматын эки даана магазини жана 42 даана 5,45 калибрдеги октору менен 13-сентябрда алган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 2-бөлүмүнүн ("Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо") негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда куралдын жана ок-дарылардын кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин аныктоо максатында кошумча экспертизалар дайындалды. (MdN)