Сузак: кесип үйрөнүүгө дилгир жаштар
Кыргызстанда ЮСАИД каржылаган "Демилгелүү жаштар" долбоору иштеп жатат. Устат-шакирт модели менен иштеп жаткан бул долбоордун алкагында бир нече улан-кыздар өздөрү каалаган кесипке ээ болду. Бул пилоттук долбоордун негизинде Сузак районундагы жаштар да кесип үйрөнүп жатат.