Таласта жубайынын өлүмүнө шектүү адам кармалды
Таласта жаш келинди өлтүрдү деп айтылып жаткан шектүү адам кармалды.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
30дар чамасындагы шектүү учурда сурак берип жатат.
23-сентябрда Талас шаарынын Манас көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 25 жаштагы келин бычакталган. Каргашалуу окуя боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Күбөлөрдүн айтымында, анын өлүмүнө күйөөсү шектелип жатат. Бирок жергиликтүү милиция бул маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок. Себеби маркум акыркы кезде жолдошу менен таарынышып жүргөн. Алардын ортосунда үч баласы бар экени айтылууда. (AlS)