БТА банктын жетекчилеринин бири Темир Рыскулов кармалды
БТА банктын директорлор кеңешинин буга чейин төрагасы болуп келген Темир Рыскулов кармалганы белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигинен ырасташты. Маалыматка ылайык, Рыскулов сентябрда кармалган. Ага карата Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча айып тагылууда. Алардын бири “Кызмат абалынан аша чаап пайдаланууга катышуу” беренеси экени айтылууда.
"Тергөө кызматы толук маалыматты бере элек" деген жүйө менен ИИМдин басма сөз кызматы кеңири маалымат берген жок.
Рыскулов буга чейин БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы деп кабарланганы менен банктын расмий сайтында ал жөнүндө эч кандай маалымат жарыяланган эмес.
Ошол эле учурда журналист Элнура Алканова Рыскулов “Идеал хаус” шаарчасынын сатылышы боюнча кармалганын айтып чыкты. ИИМ бул маалыматты ырастаган да, жокко чыгарган да жок.
2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Идеал Хаус" деп аталган турак жай комплекси жайгашкан жерден 48 коттеж 12,4 гектар аянты менен аукциондо 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана мамлекеттин карамагына алынганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.
Бул сатык боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазып чыккан. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал Хаус" шаарчасына байланышкан тасманы жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, Алкановага кылмыш иши козголгон.
Журналисттин иликтөөсүндө Темир Рыскулов бул сатып алуунун фигуранттарынын бир катары көрсөтүлгөн болчу.
Бирок кийин “Идеал Хаус" чыры боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков жана анын орун басары Бакытбек Мураталиев камакка алынган.
Ал эми журналистке карата иш ачкан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) тергөөчүлөрүнө кылмыш иши козголгону кабарланган.