Сирия: Идлибден айрым куралдуу топтор чыгып жатат
Сириянын түндүгүндөгү Идлиб аймагынан куралдуу оппозициянын бир бөлүгү өз күчтөрүн чыгара баштады. Буга чейин Түркия менен Орусия Идлибди курал колдонууга тыюу салынган аймакка айландырууну макулдашкан. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюм "Файлак аш-Шам" тобу аймактан Түркиянын чакырыгынын негизинде чыгып жатканын кабарлады.
18-сентябрда Орусия жана Түркия Идлиб провинциясында куралдуу оппозиция менен өкмөттүк күчтөр кесилишкен тилкеден 15-20 чакырым ичкери карай демилитаризациялык буфердик аймак түзүүнү макулдашкан. Бул иш 15-октябрга чейин аякташы керек. Буфердик аймакка көзөмөлдү түрк жана орус аскерлери жүргүзмөкчү.
Куралдуу оппозициянын айрым топтору Түркия бийлигинин айтканына көнүп, аймактан чыгууга макул болду. Бирок алардын ичинен "Хайят Тахрир аш-Шам" тобу мындай шартка көнбөй жатат.