Мыкты дзюдочуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды
Улуттук дзюдо федерациясы жыл ичинде ийгиликке жеткен төрт спортчуга 300 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Сыйлык жаштар арасындагы Азия чемпионатында жана Азия оюндарында байге уткан дзюдочуларга берилди.
Сыйлык алгандардын экөө жаштар арасындагы Азия чемпиондору Кубанычбек Айбек уулу менен Эрлан Шеров. Ливанда өткөн мелдеште Кубанычбек Айбек уулу 55 килограмм, Эрлан Шеров 81 кило салмактык бөлүктө алтын байге уткан. Индонезияда өткөн Азия оюндарында дзюдочулар Артур Тё менен Владимир Золоев коло медалдарга ээ болушкан.
Спортчуларды сыйлоо салтанаты Бишкек шаарында өтүп, балбандарга сыйлыкты Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев жана федерациянын ардактуу президенти Рысбек Мааткабылов тапшырды. (GT)