Бейтапканада ийне сайдыргандан кийин каза тапкан кыздын өлүмү иликтенүүдө
![Бейтапканада ийне сайдыргандан кийин каза тапкан кыздын өлүмү иликтенүүдө](https://gdb.rferl.org/26B874DF-5EAD-469D-BE63-8EC1FF0F3EC8_cx27_cy15_cw73_w800_h450.jpg)
Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан ийне сайдыргандан кийин көз жумганы айтылган 16 жаштагы кыздын өлүмү иликтенүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуянын чоо-жайын тактоо үчүн атайын комиссия түзүлдү.
Окуя 11-сентябрда болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, өспүрүм аталган борбордун невролог дарыгеринде каттоодо туруп, дарыланып жаткан эле. (BCh)