Таласта "Чыңгыз ордо" комплексинин курулушу башталды
Талас облусунун Шекер айылында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун урматына "Чыңгыз ордо" маданий комплексинин курулушу башталды.
6-октябрда парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган расмийлер барып, алгачкы пайдулабын куюлду.
Өкмөттүн токтому менен "Чыӊгыз-Ордо" маданий комплексин курууга Шекер айылынан 15 гектар жер бөлүнгөн. Андан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен жазуучунун өз айылындагы үй-музейи оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Курулуштун жалпы суммасы 500 миллион сом болору айтылган. Ал сегиз этап менен бүтүрүлөт. Качан аягына чыгары азырынча маалым эмес.
Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Шекер айылында төрөлгөн. 2008-жылы жашоо менен кош айтышкан. Быйыл жазуучунун 90 жылдык маарекеси республикалык жана эл аралык деңгээлде белгиленүүдө. (AlS)