Саламаттык сактоо министрлигинде кувейттик дарыгерлердин келери тууралуу маалымат жок
![Саламаттык сактоо министрлигинде кувейттик дарыгерлердин келери тууралуу маалымат жок](https://gdb.rferl.org/BF9AF3BE-6CB3-440D-8768-73D362DFF25F_w800_h450.jpg)
Саламаттык сактоо министрлиги Кувейттен дарыгерлер келип акысыз операция жасай тургандыгы жөнүндө кабарды ырастаган жок. Министрлик тараткан маалымат боюнча, былтыр Кувейттен 31 дарыгер келип, кыргызстандыктарды акысыз медициналык кароодон өткөргөн. Бирок ал иш Саламаттык сактоо министрлиги менен алдын-ала макулдашып, бейтаптардын тизмеси түзүлгөн.
Бул жолу министрлик Кувейт тараптан дарыгерлер келе тургандыгы жөнүндө расмий түрдө маалымат келип түшпөгөнүн билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда "29-октябрда Кувейттен дарыгерлер келип, оорулууларга бекер операцияларды жасайт" деген маалыматтар тарап кеткен. (BkA)