АКШда жол кырсыгына кабылган кыргыз жараны боюнча маалымат такталууда
![АКШда жол кырсыгына кабылган кыргыз жараны боюнча маалымат такталууда](https://gdb.rferl.org/74A9637F-6E95-4CE8-BA7B-0CDB4299FB0B_w800_h450.jpg)
АКШдагы Канзас-Сити шаарында жол кырсыгына кабылган кыргызстандык Алмазбек Муминовдун абалынан Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчилиги кабар алууда.
Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, учурда кыргызстандык туш болгон кырсыктан жагдайлары такталып жатат.
Ошондой эле элчилик АКШдагы кыргызстандыктарын диаспорасы менен бирге жол кырсыгынан жабыркаган адамга жардам көрсөтүү боюнча иш жүргүзүп жатканын кабарлады.
Буга чейин социалдык тармактарда АКШда кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, жакындары изделип жатканы боюнча маалымат тараган эле. (BkA)