Газа тилкесинде бир нече айда ондогон киши каза болду
Израил менен чектешкен Газа тилкесинде соңку айларда израилдиктердин огунан ондогон палестиндер каза болду. "Euronews" каналынын кабарына караганда, Израил командачылыгынын өкүлү Израил менен Палестина аймагындагы тосмону бузуп өтүүгө аракет кылган, израил аскер постуна жакындаган топторго ок чыгарылганын билдирди.
Израилдиктер арасында жабыркагандар болгон эмес. Ошол эле учурда соңку айларда 140 палестин окко учкан.
Изрил аскерлеринин айтымында, Газа тилкесинин чек арасында миңдеген адамдар чогулуп, кагылыштар орун алган. Манифестанттар израил аскерлерине таш, жарылуучу заттарды ыргытышкан.
14-майда Иерусалимде АКШнын элчилиги ачылардын алдында нааразылык иш-чаралары күчөгөн. Жаңжал 9-августта кайра жанданган. Газа тилкесинен Израил тарапка 180 ракета атылган. Израил аскерлери ага жооп кайтарып 150 жолу ракетадан сокку урушкан.
Нааразылык акциялары башталгандан бери кеминде 200дөй палестин курман болуп, эки миңге жакыны ар кандай жараат алды. Израил бийлиги бейкүнөө адамдардын канын төгүп жатат деп ХАМАС кыймылын айыптаган.