Малкольм Икстин ысымы Анкарадагы АКШ элчилиги жайгашкан көчөгө берилди
![Малкольм Икстин ысымы Анкарадагы АКШ элчилиги жайгашкан көчөгө берилди](https://gdb.rferl.org/1EA04CCF-6D67-4D31-B4F6-D1E74D3181C4_cx0_cy19_cw0_w800_h450.jpg)
Түркияда АКШнын жаңы элчилиги курулуп жаткан көчө Малкольм Икс авеньюсу деп аталганын маалымат каражаттары кабарлашты. Бул окуя АКШ менен Түркиянын ортосундагы мамиле начарлап турган учурга туш келди.
Малкольм Икс – АКШ тарыхындагы талаштуу инсан. Ал 60-жылдары АКШдагы ынды кара жана мусулман азчылыгынын таламын талашкан укук коргоочулардын лидери болгон. Мартин Лютер Кингден айырмаланып, Малькольм Икс америкалык ак элитага каршы кыйла радикалдуу жана кескин аракеттерге чакырган.
Трамп бийликке келген маалда АКШда улутчулдар активдешип, мигранттарга жана мусулмандарга карата сын күчөгөн. Трамптын администрациясы мусулман өлкөлөрдөн мигранттардын келишин катаалдаштырган чараларды да көргөн.
Түркияда буга чейин да көчөнүн атын саясатташтырган окуя болгон. Февралда учурдагы АКШ элчилиги жайгашкан көчө Зейтун бутагы деп өзгөртүлгөн эле. Түркиянын Сириядагы аскерий операциясы да ушинтип аталат. Анда АКШ бул операцияны кескин сындап чыккан болчу.