Ноябрда беш күн удаа дем алыш болот
![Ноябрда беш күн удаа дем алыш болот](https://gdb.rferl.org/93119B3D-FF42-490D-8939-E636CF45E583_w800_h450.jpg)
Ноябрдын башында кыргызстандыктар беш күн удаа эс алышат. Бул тууралуу бүгүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 7-11-ноябрь күндөрү эс алуу болот. Министрликтин эмгек башкармалыгынын өкүлү Мунара Кожомкулова бул тууралуу «Азаттык» радиосуна төмөнкүлөрдү айтып берди:
- 7-8-ноябрь эс алып, анан кайра 9-ноябрда бир күн жумушка чыкпаш үчүн ошол күндү 3-ноябрга котордук. Ошондо 1,2,3-ноябрь иштейбиз, 4-ноябрда эс алып, 5-6-ноябрь иштеп, 7,8,9,10,11-ноябрь эс алуу күндөрү болуп калат.
Кыргызстанда 7- жана 8-ноябрь "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп жарыяланган. (RK)