Айдын кесеги аукционго коюлду
Кошмо Штаттардын Бостон шаарында Айдын ташы аукционго коюлду. Метеорит өткөн жылы Африканын түндүк-батышынан табылган. Жалпы салмагы беш килограмм.
Товар ушундай табылгаларды алып сатуу менен алектенген "Aerolite Meteorites" ишканасыныкы.
- Биз Айдын бир бөлүгүн көрүп турабыз. Бирок бул «Аполлон» миссиясынын астронавттары 1960-70-жылдары көтөрө келген Айдын ташы эмес. Бул Жердин жандоочунан бөлүнүп, өз алдынча планетабызга түшкөн метеорит, - дейт ишкананын жетекчиси Жефф Ноткин.
Ноткин Жердин бүтүндөй тарыхында 60 миң метеорит табылганын жана базага киргенин, анын болгону 350сү Айдыкы экенин айтууда.
Айдын ташы болжолу жарым миллион долларга өтөт деп күтүп атышат. Кызыккандар Интернет аркылуу 18-октябрга чейин өз баасын сунуш кылса болору кабарланды.