Көкбөрү боюнча өлкө чемпионаты Ош шаарында өтөт
![Көкбөрү боюнча өлкө чемпионаты Ош шаарында өтөт](https://gdb.rferl.org/9A4754D5-20F1-42C0-AC30-066612941F03_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
Көкбөрү боюнча өлкө чемпионаты Ош шаарында өтөт. Ага Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас обустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын курама командалары катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын баш катчысы Кувватбек Аскаров билдирди.
- Өлкөнүн көкбөрү боюнча чемпионаты 2014-жылдан бери өткөрүлбөй келген. Биз бул мелдешти кайра жандантык. Максат - аймактардагы көкбөрү оюнун өнүктүрүү. Чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө "Улуттук спорт түрлөрү боюнча спорт чебери" деген наам берилет, - деди Кувватбек Аскаров.
Мелдеш Ош шаарындагы оңдоп-түзөлгөн "Төлөйкан" ат майданында өтөт. Оюндар 28-октябрда башталып, финалдык беттеш 3-ноябрга белгиленген. Көкбөрү федерациясынын маалыматына караганда, таймаштарга өлкөнүн алдыңкы улакчылары да катышат. (GT)