Жээнбеков: Орусия менен бирге ишке ашырчу дагы көптөгөн долбоорлор бар
![Жээнбеков: Орусия менен бирге ишке ашырчу дагы көптөгөн долбоорлор бар](https://gdb.rferl.org/415FBF43-ADAF-48BF-A901-30D598688E33_w800_h450.jpg)
“Орусия менен келечекте бирге ишке ашырчу дагы көптөгөн долбоорлор бар” деп билдирди бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Нарында эл алдында сүйлөп жатып.
Мамлекет башчысы орусиялык «Газпром» компаниясы Нарын шаарында курган жаңы спорт комплексинин ачылышына катышты.
Анда сүйлөп жатып Жээнбеков “Орусия биздин союздашыбыз, стратегиялык өнөктөшүбүз, эң жакын жана ишенимдүү дос өлкөлөрүбүздүн бири. Орусия менен биздин тагдырыбыз да, тарыхыбыз да бир. Өлкөбүздүн экономикасынын эң башкы инвестору да Орусия Федерациясы” деп белгиледи.
«Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалыматына караганда, Нарында ачылгандай заманбап спорт комплекстери Кыргызстанда 16 жерде курулат. Мындан тышкары, «Газпром-балдарга» долбоорунун алкагында тогуз ден соолукту чыңдоочу комплекс ачылат. (RK)