Жунушалиев Бурулайдын атасы жолугушуудан баш тартканын билдирди
![Жунушалиев Бурулайдын атасы жолугушуудан баш тартканын билдирди](https://gdb.rferl.org/39449F08-104C-4B97-B1C9-9B89DEFD206B_w800_h450.jpg)
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 24-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында журналисттер Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү, Жайыл райондук милиция бөлүмүндө видеокамерадагы жазуулардын өчүп кетиши, маркумдун атасы менен жолугушуу тууралуу суроолорду беришти. Министр кандуу окуяны иликтөө тууралуу учкай маалыматтарды айтты. Кызынан айрылган Турдаалы Кожоналиевди жолугушууга чакырып, бирок ал келбей койгонун билдирди:
- Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу шектүүлөргө жана айыпталуучуларга карата кылмыш ишин козгогонбуз. Кылмыш иши сотко жиберилген. Бүгүнкү күнү ишти сот териштирип жатат. Биз тараптан кандайдыр бир комментарий болбойт. Видеокамералар боюнча, силер билесиңер биздин кызматкерлерге карата ошол эле күнү кылмыш иши козголгон. Алар боюнча иликтөөнү УКМК жүргүзүүдө. Андыктан, бул тууралуу да комментарий бергеним туура болбой калат. Ал эми Бурулайдын атасы боюнча айтсам, аны менен менин орун басарым Сүйүн Өмүрзаков жолуккан. Биз премьер-министр менен чогуу Грузияда иш сапарда жүргөндө, өкмөт башчы мага Бурулайдын атасы менен жолугушууну тапшырганы жөнүндө маалымат каражаттарында кабар тарады. Ооба, ал мага тапшырма берген. Келгенден кийин мен аны кызматкерлерим аркылуу жолугушууга чакырттым. Бирок адвокат бошобой калганы себеп болдубу, кылмыш иши ал учурда бүтүп калган эле. Атасы жолугушуудан баш тартты.
Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Окуядан кийин маркумдун жакындары анын көкүрөгүндө "Н+Б" деген жазуу жана крест болгонун жарыялап, милиция бул айтылганды четке каккан.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге бул ишти катуу көзөмөлгө алуу менен маркумдун атасын кабыл алууну тапшырган. Бирок кандуу окуяда кызынан айрылган Турдаалы Кожоналиев министр менен жолугушуу болбогонун айткан.
Окуядан кийин 23 милиция кызматкери тартиптик жазага тартылып, 13ү иштен бошотулган.
Бурулайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин Бишкектин Свердлов райондук соту сентябрдан тарта карай баштады. Кезектеги жараян 25-октябрда саат 15.00гө белгиленген.