АКШ: Обама менен Клинтондун үйлөрүнө жардыруучу түзмөктөр жөнөтүлгөнү аныкталды
АКШнын атайын кызматы экс-президент Барак Обаманын жана мурдагы мамлекеттик катчы жана биринчи айым Хиллари Клинтондун үйүнүн сыртынан колго жасалган жардыруучу түзмөктөрдү таап алды.
Хиллари - АКШнын мурдагы дагы бир президенти Билл Клинтондун жубайы. Шектүү буюм алардын Нью-Йорктун Вестчестер аймагындагы үйүнө жөнөтүлгөн. Ошого окшогон эле жардыруучу түзмөк Барак Обаманын Вашингтондогу үйүнөн табылды. Маалыматтарда колго жасалган бомбалар салынган баштыктар почтаны сорттоп жатканда чыккан. Ал баштыктар эки саясатчынын тең колуна жеткен эмес. Окуяга байланыштуу “кеңири кылмыштык иликтөө жүргүзүлүп” жатат.
Расмий билдирүүдө бул тууралуу президент Дональд Трампка маалымат берилгени, ал аталган маселеге олуттуу көңүл буруп жатканы айтылат.
Бул маалыматтарга тушташ эле CNN телеканалынын кеңсесине да жардыруучу зат жөнөтүлгөнү кабарланып, кызматкерлер эвакуацияланды. CNN Нью-Йорктун Манхэттен районунда орун алган Тайм-Уорнер борунда жайгашкан.
Кошмо Штаттардын өкүлүнүн 24-октябрда "Associated Press" агенттигине айтканына карганда, саясатчыларга жөнөтүлгөн шектүү баштыктар эки күн мурда америкалык миллиардер Жорж Соростун Нью-Йорк штатындагы үйүнүн сыртындагы почта үкөгүнөн табылган жардыруучу түзмөк менен байланышта каралууда.
22-октябрда да америкалык миллиардер Жорж Соростун Нью-Йорк штатындагы үйүнүн сыртындагы почта үкөгүнөн жардыруучу түзмөк табылган.
Аны адегенде Соростун кызматкерлеринин бири көрүп, полицияны чакырган. Кийин адистер тобу жарылуучу түзмөк үйдүн жанындагы токойлуу аянтта зыянсыздандырышкан.
Полиция түзмөктө “чыныгы бомбанын компоненттери”, анын ичинде жарылуучу порошок болгонун кабарлады. “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, Сорос өзү бул окуя учурунда үйүндө болгон эмес.