Өзбекстан: премьердин орун басары алты адамды “жазалаган” чырдан кийин кызматтан алынды
Ал арада Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Аккурган районунда алты кишини суу аккан арыкка салып, "жазалаган" окуя боюнча иликтөө жүргүзө баштады. 29-октябрда жарыяланган билдирүүдө бул ишке аралашкан аткаминерлер жоопко тартылаары айтылган.
Интернетте тараган сүрөт өзбек бийлик өкүлдөрүнүн өзүм билемдиги тууралуу талкууларга жем таштады. “Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, алты кишинин үчөө – Аккурган райондук администрациясынын кызматкерлери, бирөө – маале аксакалы, экөө – жергиликтүү фермер. Бул сүрөт 25-октябрда аймакка Өзбекстан вице-пермьер-министри Зоир Мирзаев келген күнү тартылган.
Маалыматка караганда, алты киши буудай талаалары жакшы сугарылбаганы үчүн мындай жазага кириптер болгон. Аларды вице-премьер-министрдин жана облус менен район башчыларынын көзүнчө жазалашкан. Күбөлөрдүн айтымында, алты кишини арыктагы муздак сууга 40-45 мүнөт тургузушуп, андан соң суу кийимдери менен көчөдө чуркатышкан. Аккурган районун акиминин орун басары алар өз ыктыяры менен бул кадамга барганын айтты.