Президент эл аралык донорлор менен жолукту
![Президент эл аралык донорлор менен жолукту](https://gdb.rferl.org/c3509289-61df-4161-aea6-76a1cd28248f_tv_w800_h450.jpg)
Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан 9 млрд. 900 млн. долларга чукул каражат алган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 1-ноябрда донорлор менен жолукканда белгилүү болду. Жыйында чет өлкөлүк каржы булактар менен иштешүүдөгү көйгөйлөр жана алынган акчалардын максаттуу пайдаланылышы талкууланды.