Аба ырайы: жамгыр жаабайт
![Аба ырайы: жамгыр жаабайт](https://gdb.rferl.org/F4E86D03-2DB8-49C2-BA95-8F2FD4BACF61_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 5-ноябрда күн жылыйт. Түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11,
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -0…-5, күндүз 5…10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9,
Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-3 градус суук болот.
5-ноябрда Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман капташы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4° суук, күндүз 8…10° градус жылуу болот. (KR)