Кабул тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуу тууралуу чечим кабыл ала элек
Ооганстандын бийлик өкүлдөрү Москвада өтө турган Ооганстанда тынчтык орнотууга багытталган сүйлөшүүлөргө катышар-катышпасын чече элек. Бул тууралуу ооган бийлигинин өкүлдөрү кабарлады. Орусия бул сүйлөшүүлөрдү 9-ноябрга белгилеген.
"Биздин бул сүйлөшүүлөр тууралуу талкууларыбыз уланууда. Биз азырынча Орусия менен жолугушуу кандай шартта жана качан орун алары тууралуу мунасага келе элекпиз" - деди Ооганстандын тышкы иштер министринин басма сөз өкүлү Сибхатуллах Ахмади.
Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ооган бийлиги жана "Талибандын" өкүлдөрү 9-ноябрга пландаган жолугушууга катыша турганын ырастады деп билдирген.
"Талибандын" Дохадагы саясий кеңеши ушундай жогорку деңгээлдеги эл аралык жолугушууга алгачкы ирет катышат" деп айткан министр Сергей Лавров.
Орус тарап тышкы иштер министрлердин орун басарларынын деңгээлинде өтчү жолугушууга АКШ, Индия, Иран, Кытай, Пакистан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да чакырылганын кабарлаган.
Орусия август айында ар тараптуу тынчтык орнотууга багытталган жолугушуу өткөрүүнү сунуштап, ага 12 өлкөнү жана "Талибандын" өкүлдөрүн чакырган. Бирок жолугушуу кийинкиге калган. Анда ооган бийлиги талибдер адегенде Кабул менен сүйлөшүү жүргүзүшү керек экенин айтып чыккан.