Аба ырайы: кар жаайт
![Аба ырайы: кар жаайт](https://gdb.rferl.org/D22130F4-C64D-4D27-A3DC-FA13E7F125BA_w800_h450.jpg)
11-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7;
Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 2...7;
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10;
Баткен облусунда -1...+4, күндүз 6...11;
Нарында түнкүсүн -3...-8, күндүз +1...+6 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +4…+6 градус болот.