Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китебинин бет ачары болду (видео)
“Азаттык” радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” деген аталыш менен жарык көргөн бул китебине анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди. Ошондой эле журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан сүрөттөрү камтылды. Мындан сырткары ал жөнүндө дилбаяндарды, эскерүүлөрдү, сүрөттөрдү да ушул китептен табууга болот.
Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби “Азаттык Медиа” мекемесинин демилгеси жана “Сорос - Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу менен жарык көрдү. Китептин бет ачары бүгүн, 13-ноябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинде анын энеси, саясатчылар, парламент депутаттары, журналисттер, активисттер, кесиптештери, "Азаттыктын" жетекчилеринин жана университеттеги мугалимдеринин катышуусунда өттү.
Китептин орус тилиндеги котормосу быйыл декабрь айында чыгат.
“Азаттык” радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.