Өкмөттүн Таластагы өкүлү юристти сотко берет
![Өкмөттүн Таластагы өкүлү юристти сотко берет](https://gdb.rferl.org/46BEDC47-4FA1-4DF4-8422-FD79FB665EB8_w800_h450.jpg)
Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев аймактагы музыкалык драма театрына каражат максатсыз жумшалганын айтып чыккан юристтин билдирүүсү чындыкка дал келбесин айтып, Аскар Исабеков менен соттошоорун билдирди.
- Ал жалганчы бала. Бизде алты айга жакын иштеген. Эмгек китепчеси да жасалма болуп чыккан. Буга чейин кылмыш жообуна да тартылган экен. Бирок аны сот аркылуу жөнгө салып алыптыр. Мен капиталдык курулуш башкармалыгына аны сотко бергиле деп айттым. Эгер күнөөлүү болсом түрмөгө отурганга дайынмын. Менин драмтеатрдын курулушу боюнча эч кандай күнөөм жок. Бир жолу унчуккан жокмун, экинчи жолу унчуккан жокмун. Эми соттошом аны менен, - деди Мураталиев.
Ал эми Аскар Исабеков капиталдык курулуш башкармалыгында сегиз ай иштегенин жана эч кандай кылмыш ишине кириптер болбогонун айтууда.
Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрынын курулушуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин фондунан бөлүнгөн 45 миллион сом максатсыз жумшалганын Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгында юрист болуп иштеп кеткен Аскар Исабеков айтып чыккан. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), Башкы прокуратурага арыз менен кайрылганын билдирген.
Облустагы капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Улан Нуралиев драма театрын куруудагы айрым жумуштарга эки эсе көп каражат корогонун моюнга алды. Бирок баары мыйзам чегинде болгон деп ишендирди:
- Мисалы, мармар таш чаптоо үчүн жумушчуну көлдөн бери алып келип, эки эсе төлөп бергенбиз. Ошол учурда убакыт тартыш болуп, биз театрды бир жарым айдын ичинде бүтүргөнбүз. Себеби анын ачылышына Алмазбек Атамбаев катышмак. Ал эми имараттын курулушуна корогон каражат тууралуу отчет шартка байланыштуу драмтеатр эксплуатацияга берилген мөөнөттөн кечиктирилип жазылган.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрынын имаратынын курулушун аяктоого 2017-жылы 45 млн. сом бөлгөн. Былтыр театрдын ачылышында Атамбаев бул акчаны орусиялык досторунан алганын айткан. (AlS)