"Союз" кемеси космоско ийгиликтүү учурулду
![](https://gdb.rferl.org/8AD959A7-409C-4FDF-B5A3-239DFD59F323_cx0_cy4_cw0_w800_h450.jpg)
"Союз" кемеси октябрь айындагы авариядан кийин биринчи жолу космоско учурулду. Үч космонавтты салган кеме 3-декабрда Бишкек убактысы боюнча кечки 5:30да Казакстандагы "Байкоңур" космодромунан ийгиликтүү учуп чыкты.
"Союз МС-11" кемеси алты жарым сааттан кийин Эл аралык космос станциясына жетет. Кеменин командири Олег Кононенко ушуну менен төртүнчү жолу космоско учуп жатат. Ал эми калган астронавттар: америкалык Энн Макклейн менен канадалык Давид Сен-Жакка биринчи жолу космостук станцияга жөнөштү.
11-октябрда ракета ташуучу «Союз МС-10» космос кемесин орбитага жеткире албай калган. Бортундагы космонавт Алексей Овчинин жана америкалык астронавт Ник Хейг куткаруучу капсула менен Жерге аман-эсен конушкан. Авариянын себептери иликтенгиче эл аралык космос станциясына адамдарды учуруу убактылуу токтотулган.