Көкбөрү: оюндун талаш жараткан эрежелери
![Көкбөрү: оюндун талаш жараткан эрежелери](https://gdb.rferl.org/DBE04F47-F316-40D4-AF71-F56D457C9102_w800_h450.jpg)
Көкбөрү оюнунун эрежеси эл аралык деңгээлде талкууланат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Эл аралык Көкбөрү федерациясынын конгрессинде маалым болду. Уюмга мүчө болгон беш өлкөнүн өкүлдөрү эл аралык мелдештерде талаш жараткан эрежелерди тартипке келтирип, бир нукка түшүрүүнү көздөп жатат.