Косово менен Сербиянын лидерлери БУУда жолугушту
Косово менен Сербиянын лидерлери Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде жолугушту. 14-декабрда өлкө парламенти Косовонун жеңил куралданган коопсуздук күчтөрүн толук кандуу армияга айлантуу боюнча өкмөттүн сунушун жактырган. Ага ылайык, 2500 адамдан турган коопсуздук күчтөрүн акыркы үлгүдөгү курал менен жабдылган, беш миң аскерден турган армияга айлантылат.
Приштинанын бул кадамы Косоводогу этникалык сербдердин, Белграддын кыжырын келтирген.
Буга байланыштуу Сербия 17-декабрда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин чакыртты. Расмий Белград эл аралык уюм 1999-жылы кабыл алган резолюция Косоводо бир гана эл аралык контингенттин жайгашуусуна уруксат берерине басым жасап жатат.
Сербиянын президенти Александр Вучич Приштинанын бул кадамы чоң тынчсыздануу жаратып жатканын билдирди. Ал эми Косовонун лидери Хашим Тачи армия түптөө менен Косово өзүнүн көз карандысыз деген статусун бекемдерин жүйө кылды.
АКШ жана Евробиримдиктин айрым мамлекеттери Приштинанын өз армиясын түзүү демилгесин колдошту. Орусия каршы чыкты. Ал эми НАТО азырынча "убактысы келе электигин" билдирди.
Приштина менен Белграддын мамилеси Косово Сербиядан өз алдынчалыгын жарыялаган 2008-жылдан бери чыңалып турат. Эки миллионго жетпеген калкы бар Косовону дүйнөнүн 110 мамлекети тааныган. Косоводо 120 миңдей этникалык серб отурукташкан.