Жаңы жылдык эс алуу күндөрү такталды
![Жаңы жылдык эс алуу күндөрү такталды](https://gdb.rferl.org/E77B04A2-6B10-4345-A774-06A484927416_w800_h450.jpg)
Жаңы жылдык эс алуу күндөр тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сунушун өкмөт колдоду.
Өкмөттүн маалыматына караганда, кыргызстандыктар келерки жылы январдын башында жети күн удаа - 1нен 7не чейин эс алышат. Ошондой эле май айында да төрт күн – 9-12-май катары менен расмий түрдө дем алыш болот.
Бул күндөр 25-февралга, 8-апрелге, 2-сентябрга жана 6-майга туш келген дем алыштардын эсебинен алынды, андыктан алар иш күнү болот. (RK)