Аба ырайы: туман каптап, кар жаайт
![Аба ырайы: туман каптап, кар жаайт](https://gdb.rferl.org/F344C322-DBD1-4DB1-9B01-8F6690A5C907_cx0_cy6_cw0_w800_h450.jpg)
27-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт.
Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3,
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -2…+3,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,
Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -6…-11 градус болот.
27-декабрда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…2 градус болот.