Жапония кит уулоону кайрадан баштайт
![Жапония кит уулоону кайрадан баштайт](https://gdb.rferl.org/400AF40B-82F5-47A8-B17C-C934534A8C07_cx0_cy4_cw0_w800_h450.jpg)
Жапония 2019-жылы Кит уулоо боюнча эл аралык комиссиядан чыгып, июлдан тарта өзүнө тиешелүү деңиз аймактарында киттерге аңчылыкты кайрадан баштайт.
Жапон өкмөтүнүн башкы катчысы Йошихиде Суга илимий маалыматтардан кийин гана ушундай кадамга барып жатканын билдирди.
Коммерциялык максатта кит улоого 36 жыл мурда мораторий киргизилген. Ага киттердин кескин азайып кетиши түрткү болгон. Ошондон бери суудагы эң чоң жаныбарды кармоого илимий иликтөөлөр үчүн гана уруксат берилип келген.
Жапон эли илгертен кит уулап келет. Анын эти экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки кыйынчылыкта зор өбөлгө болгон.
Токионун жаңы чечимин жаратылышты коргоочу уюмдар катуу сынга алышууда.