Орусияда эки киши көчкү алдында калып каза тапты
![Орусияда эки киши көчкү алдында калып каза тапты](https://gdb.rferl.org/11F7940C-926C-4009-B062-DD10AC18F99A_w800_h450.jpg)
Орусиянын Хабаровск крайында көчкүдөн эки киши каза таап, жети киши куткарылганын жергиликтүү медиа маалымдады.
ТАСС кабар агенттиги 12 киши көчкү алдында калганын, алар 29-декабрда Многовещенский кыштагына жакын куткарылганын маалымдады.
Кырсык алтын казган компаниянын аймагында болгон. Куткарылгандар жергиликтүү ооруканага жаткырылды. (BCh)