Путин Косовонун армия түзүү чечимин сындады
Орусиянын президенти Владимир Путин Сербиядагы сапары учурунда Косовонун армия түзүү чечимин "мыйзамсыз" деп эсептей турганын билдирди.
Орусия лидери 17-январда Белградда Сербия президенти Александр Вучич менен жолугушкандан кийин тараптар биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү. Анда Путин Косовонун акыркы кадамы Сербия менен мамиленин чыңалышына алып келгенин жана аймактагы туруктуулукка таасир этиши мүмкүндүгүн айтты. Косово бийлигинин чечимин провакациялык кадам катары сыпаттап, ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузууга жатат деп белгиледи.
14-декабрда Косово парламенти жеңил куралданган коопсуздук күчтөрүн толук кандуу армияга айлантуу боюнча өкмөттүн сунушун жактырган. Ага ылайык, 2500 адамдан турган коопсуздук күчтөрү акыркы үлгүдөгү курал менен жабдылган, беш миң аскерден турган армияга айланат.
Приштинанын бул кадамы Косоводогу этникалык сербдердин, Белграддын кыжырын келтирген. АКШ жана Евробиримдиктин айрым мамлекеттери Приштинанын өз армиясын түзүү демилгесин колдосо, Орусия каршы чыккан.