World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Биримдик болсунчу

Адамзат тарыхында бардык доорлордо, бардык замандарда адамдардын арасында бирдей укуктарга ээ болуу, бири-бири менен тең абалда болуу жана бири-бирине зулум көрсөтүп басмырлабоо маселелери өтө чоң ролду ойноп келген.



Көбүнесе адамзаттын дал ушул мамилелери тигил же бул коомдун өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп келген десек да болот. Тарых барактарына көз чаптырып отуруп, адамзат варвардык, кул ээлөөчүлүк, индустриялык замандарды баштан кечиргенин, мына ошондой оор замандардан кийин азыркы гүлдөп өнүккөн демократиялык цивилизацияга жетишкенин билебиз.



Көп артка кылчайбай, акыркы эле 50-60 жылды алсак, дүйнөнүн көп жерлеринде адамдар дале теңдикке жетише албай, кыйынчылык менен жашоо кечиргени тарыхтан маалым. Мындай көрүнүштөрдү Америка Кошмо Штаттары да башынан өткөргөн. Бул өлкөдө негизинен коомдо акыйкатсыздык азабын чеккен катмар – кара түстүү коомчулук эле.



1865-жылы президент Авраам Линкольн кол койгон кулчулукту жоюу боюнча конституциялык өзгөртүү кабыл алынса да, кара түстүү коомчулуктун даражасы дээрлик жүз жыл бою кулдардын даражасынан бир аз эле айырмаланган абалда болгон. Ынды кара катмар коомдо ар кандай адилетсиздикке, басмырлоого тушуккан. Жада калса бөлөк дааратканаларды пайдаланууга аргасыз болушуп, коомдук транспортто жүргөндө да ак түстүү адамдарга орун бошотуп, отургучка отурууга укуксуз абалда калган.



Кара түстүү коомчулуктун мындай иштерге нааразычылыгы күчөй берген, бирок миңдеген жөнөкөй адамдардын жүрөктөгү кайгы-муңун жалпыга жар салып жеткирүү, алардын көз жашын тыюу, адилеттүүлүк суусунун кандыруу үчүн аларга бир эр жүрөк “жоокер” керек эле. Мына ушундай убакта Мартин Лютер Кинг элине мыкты “жоокер”, мыкты коргоочу боло алды.



Ал өзүнүн артынан миңдеген адамдарды ээрчите алды, бир гана кара түстүү коомчулук эмес, ак түстүү коомчулуктун да тамшануусун жаратып, колдоо таба алды. Ал улуу инсан Американын гана эмес, дүйнөнүн бүт жагына жылдыздай жаркырап, теңдикке, акыйкат жана адилеттүүлүккө жетүүнүн символу боло алды. Бүт дүйнө андан өрнөк алды жана ал өзүнө өлбөстүккө карай жол сала алды.



Мартин Лютер Кингдин аракеттеринин акыбети кайтып, Америка коомчулугунда чоң өзгөрүүлөр орун алды. Алсак, расалык сегрегацияга каршы бир канча штаттарда мыйзамдар жана ошол эле 1964-жылы Конгресс тарабынан жарандардын укуктарын коргоо жана расалык дискриминацияга чекит коюу мыйзамы кабыл алынды. Кара түстүү коомчулук мындан башка да бир топ мыйзам ишмердүүлүгүндө жана коомдогу реалдуу жашоодо теңдикке жете алды.



Мартин Лютер Кинг уникалдуу инсан болгон. Анын башка лидерлерден айырмасы – каршылык көрсөтүү кыймылын күч колдонбоо жолу менен жүргүзүүсү. Башкаларды гумандуулукка, эч бир айырмачылыкка карабай бири-бирин сүйүүгө, адамды жаралышынан ыйык адам экенин жана ага өтө аяр мамиле жасалуусу керек экендигине тарбиялаган бул жолу сүймөнчүлүккө арзыды. Ага көп адамдар таазим кылышты. “Сүйүү менен душманды да дос кылып алууга болот” деген терең ишеничи менен сүйүүнүн чексиз күчүн далилдей алды, бардык адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапты.



Мартин Лютер Кингдин 1963-жылы 28-августта Вашингтондогу жүрүштө Линкольн мемориалынын жанында 300 миң адамдын алдына чыгып сүйлөгөн “Менин кыялым бар” атактуу сөзү тарыхта калган дүйнөдөгү эң көрүнүктүү сөздөрдөн, азыркы күнгө чейин көптөр оратордук искусствонун жеткен чеги катары баалап келишет.



Бул сөздөгү өзгөчөлүк – Мартиндин коомдогу болуп жаткан көрүнүштөргө өз оюн айтууда диний түшүнүктөрдү айкалыштырып, эң кереметтүү абалда элге сунганы. Буга баары баа беришкен. Бул сөздө негизги маани коомдогу болуп жаткан акыйкатсыздыкка күч колдонбой күрөшүү, жамандыкты жакшылык менен жеңүү, алдыга баскан кадамдан артка кайтпоо, адамдардын тигил же бул айырмасына карабастан баарына бирдей мамиле кылуу, ар дайым сабырдуу болуу сыяктуу категорияларга берилгендиктен, азыркы мезгилде да актуалдуулугун жоготпой келет.



Мартин Лютер Кингдин кыялы ишке аштыбы? Ооба, Мартин Лютер Кингдин кыялы ишке ашты. Америка коомчулугунда азыркы учурда саясат, экономика, аскерий жана башка тармактарда кара түстүү жарандар ак түстүү жарандар менен бирдей абалда, бирдей укуктарда эмгектенип, ал тургай жетекчилик кызматтарды да аркалап келишет. Бул да болсо чоң жетишкендик, Мартин Лютер Кингдин тиккен дарагынын тамыры жай алып, өз жемишин берди десек жаңылышпасак керек.



Мартин азыр да тирүү болгондо, балким, бүгүнкү жашоого кубанмак. Жөнөкөй бир мисал катары, экинчи мөөнөткө шайланган учурдагы АКШ президенти Барак Обаманы биринчи кара түстүү президент катары тарыхта калаары айтылып жүрөт. Бирок АКШда өткөн сурамжылоого катышкан 32% кара түстүү америка коомчулугу “толугу менен теңдикке жетиштик дегенден алыспыз, алдыда көптөгөн иштерди аткаруу зарыл” деп жооп беришкен. Бул азыркыдай жетишкендик менен токтоп калбай, Мартин Кинг айткандай “алга дагы да адымдоого ант бериш керек жана андан артка кайтпаш керек” дегенди билдирет.



Мартин Лютер Кингдин мындан элүү жыл мурун айткан сөздөрү азыр биздин Кыргызстандагы бүтүндөй бир абалга актуалдуу бойдон калууда. Азыр коомубузда, тилекке каршы, кээ бир акыйкатсыз иштер дале тыйылбай келүүдө. Ошол эле паракорчулук, ошол эле тууган-урукка бөлүү, трайбализм сыяктуу терс көрүнүштөр жалпы жарандардын тигил же бул укуктарын ишке ашырууда тоскоолдук жаратууда.



Мамлекетте чоң ролду ойногон, акыйкаттын жарчысы болгон фемида өкүлдөрү да бүгүнкү күндө элдин ишеничине толук ээ боло албай, эффективдүү иштей албай келүүдө. Тилекке каршы соттордун көпчүлүгү азыр кимдин акчасы көп болсо же мансабы болсо ишти ошонун пайдасына чечип берген фактылар жок эмес. Айта берсең арман көп дегендей, коомубузда көптөгөн жан кейиткен терс көрүнүштөр бар. Аны баарыбыз аңдап түшүнүп турабыз. Бирок биз көйгөйдү талкуулап отура бербей анын чечүү жолдорун табуу табууга тийишпиз.



Мартиндин “жек көрүү күчүн сүйүү күчү менен жеңүүгө болот” деген сөзү биз үчүн эң жакшы үлгү. Себеби ошол эле кечээки зулум көрсөткөндөрдүн өздөрүнө кайра зулум көрсөтүү жакшылыкка алып келбейт, кайра жек көрүү, душмандыкты жаратып, күрөштү уланта берет. Мартин айткысы келгендей, биз жеңилгендерге ырайым көрсөтүп, аларды сүйүү менен өзүбүздү аларга сүйдүрүүбүз кажет. Нааразычылык акцияларды азыркы күндө болуп жаткандагыдай бийликти басып алуу, жолдорду тосуу, кээ бир жерлерди өрттөө менен коштобой, тескерисинче күч колдонбой күрөшүү аркылуу жүргүзүүбүз керек, “жаратмандык каршылыгыбыз күч зомбулугуна айланып кетүүсүнө жол бербөөбүз керек”.



Андан сырткары бүгүнкү Кыргызстанда 80ден ашуун улут жашайт. Акыркы мезгилдерде болгон окуялар бизге, жалпыбызга, улуттар арасындагы биримдик, ынтымак өтө зарыл нерселерден экенин айгинелеп өттү.



Кыргызстандагы жашап жаткан бардык адамдар улутуна, динине, тилине, жынысына, өңү-түсүнө, материалдык абалына карабастан баарыбыз мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн жалпыбыз бир багытта аракеттенүүбүз зарыл.

“Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат, ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат” деген насаатты туу тутуп, азыркы Кыргызстандын бардык жарандары “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ички биримдигибизди орнотушубуз керек”. Бүгүнкү күндө баарыбызды бир гана нерсе – Кыргызстандын жараны экенибиз бириктириш керек...



Сапаров Азамат

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

В Архангельске завершились всероссийские соревнования по теннису



Мода

Что модно этой осенью: советы по одежде от Эвелины Хромченко




Українські новини

Як обрати дверну ручку для дому: Поради та рекомендації



Новости 24 часа

Обзор известных приложений, созданных на iOS



Game News

Sony потратила 400 миллионов долларов на создание Concord?..



Москва

Росгвардейцы задержали мужчину, напавшего на бригаду скорой помощи в Москве



News Every Day

Eddie Hearn threatens to ‘knock out’ rival promoter in bizarre confrontation on stage at Joshua vs Dubois face-offs



Авто

Торжественно открыли два обновленных участка трассы Р-504 Колыма в Якутии



Москва

Возможности по выступлениям для Певцов, Музыкантов, Артистов различных жанров и направлений музыки предоставляемых Продюсерским центром.



Диана Арбенина

ДС «Олимпийский»: в Рязани отменен концерт Арбениной 9 ноября



Москва

Косторная попала в больницу, фигуристке ставят капельницы



WTA

Рейтинг WTA. Эрика Андреева обновила личный рекорд, Саккари выпала из топ-15, Шрамкова поднялась на 41 строчку



Москва

Требования к аварийным душам для правильной установки и использования



Спартак

«Спартак» — «Динамо» Москва — 2:2. Видеообзор матча РПЛ



Симферополь

МВД: полиция в Симферополе задержала пенсионерку по подозрению в убийстве детей



Москва

Требования к аварийным душам для правильной установки и использования



Москва

Собянин подвел итоги фестиваля «Лето в Москве. Все на улицу!»



Москва

Обзор известных приложений, созданных на iOS



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Вышла книга Александра Фроста «А гоеше маме» – в память о жертвах геноцида Второй мировой войны

Агния Кузнецова в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» рассказала, как убедила Балабанова взять на роль её однокурсника

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в убийстве

Шедевры Георгия Гараняна исполнит Денис Мацуев. Relax FM рекомендует


Москва

Вечерний кинопоказ в ТРЦ «Нора»: фильм «Друг в океане»






Rss.plus

Агния Кузнецова в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» рассказала, как убедила Балабанова взять на роль её однокурсника

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в убийстве

Обзор известных приложений, созданных на iOS

ИНСТРУКТАЖ ПО БЕЗОПАСНОСТИ

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин сообщил об открытии второго в Москве рыбного рынка



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Шнуров

Жена музыканта Сергея Шнурова Ольга подала на развод




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

На матче "ЦСКА-Динамо" родилась новая семья

Международный молодёжный форум БРИКС+ по спортивной дипломатии состоялся в Ульяновске

Игорь Ларионов стал новым амбассадором Лошадиной силы


Марин Чилич

Эйсинг-777 // Марин Чилич стал самым низкорейтинговым чемпионом турнира АТР



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Мафия-НН: Все началось за длинным столом на пивном заводе.



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России