Түркия менен Иран күрддөрдүн жикчил топторуна сокку уруп жатканы жарыяланды
Түркия Иран менен чогуу күрддөрдүн жикчил топторуна каршы аскердик операция жүргүзүп жатканын жарыялады. Президент Режеп Тайып Эрдоган Түркия менен Иран күрддөрдүн жикчил топторуна чогуу сокку урууга киришкенин 18-мартта жергиликтүү үч телеканалга ырастады. Бирок түрк президенти операция кайсы аймакта жүргүзүлүп жатканын, андан кандай натыйжа чыкканын так айткан жок. Күрд топтору да азырынча үн ката элек.
Эрдоган болгону бул аскердик өнөктүктүн алкагында Түркия «террордук уюм» деп санаган «Күрд жумушчулар партиясы» же PKK тобу, ошондой эле бул бирикменин Ирандагы «Күрдстандагы эркин жашоо партиясы» (PJAK) деп аталган бөлүмү бутага алынып жатканын билдирди.
Азырынча бул тууралуу Тегерандын расмий өкүлдөрү үн ката элек. Болгону жарым-жартылай мамлекеттик «Fars» жаңылыктар агенттиги Иран армиясы соңку операцияга катышпаганын жазып чыкты.
Түрк армиясы күрддөрдүн жикчил топторуна каршы дээрлик 35 жылга созулган өнөктүктүн алкагында PKK тобунун Ирактын түндүгүндөгү базаларын бутага алып келет.
Соңку жылдары Тегеран да Ирактын бул аймагында күрд жикчилдерине бир нече жолу сокку урган. Күрд топтору да Ирактагы базаларынан Ирандын ичине чабуул койгон учурлар болгон. «Күрдстандагы эркин жашоо партиясы» (PJAK) Иранда 2004-жылы түзүлгөндөн көп өтпөй, террорчул уюм деп таанылган.