Шаардык кеңештин спикери согуш ардагерине жардам берди
![Шаардык кеңештин спикери согуш ардагерине жардам берди](https://gdb.rferl.org/2BC23D18-5007-4A81-94D0-63FF242539D8_w800_h450.jpg)
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Абиров “Энелер күнүнүн” урматына Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Анастасия Толочковага күнүмдүк керектелүүчү техникалык каражаттарды алып берди.
Шаардык кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, төрага 9-май Жеңиш күнүндө Согуштун жана ооруктун ардагерлери менен жолугушкан кезде Толочкова ага өзүн түйшөлткөн маселелерин айтып, ичимдик суудан жана башка техникалык каражаттардан кыйналып, жалгыз жашап жатканын айткан.
“Абиров 18-майда Толочкова муктаж болуп жаткан жабдууларды белек кылды. “Бишкексууканал” ишканасы суу түтүктөрүн оңдоп, “Бишкекжашылчарба” ишканасы бир машине отун алып келип берди",- деп маалымады шаардык кеңештин басма сөз кызматы.
Кыргызстанда Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.