Иранда өкмөткө каршы нааразылык уланууда, түндө тогуз киши мерт болду
Мамлекеттик теленин билдиргенине караганда, тогуз адамдын алтоо полиция бекетинен курал уурдоого аракеттенген учурда мерт болду. Бул кандуу окуя Ирандын борбордук Исфахан провинциясындагы Кахдерижан районунда орун алды. Ал эми Нажафабад деген шаардагы кагылыштан улам коопсуздук күчтөрүнүн бир өкүлү мерт болгонун жарым-жартылай расмий саналган "Тасним" агенттиги кабарлады. Эгер маалымат ырасталса, бул башаламандык башталгандан бери Ирандын күч түзүмдөрүндөгү алгачкы жоготуу болот. Жалпысынан Иранда... Читать дальше...